Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 23.04.2014 16:27

Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги «Өнүгүү» фракциясы «Ата Журт» жана КСДП фракцияларын биригип бир коалиция түзүү сунушун берди

Turmush -  Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги «Өнүгүү» фракциясы шаардык кеңештеги «Ата Журт» жана КСДП фракцияларын биригип, бир коалиция түзүү сунушун берди. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде «Өнүгүү» фракциясынын лидери Султан Тойгонбаев жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, баарына белгилүү болгондой буга чейинки «Ак ниет» көпчүлүк коалициясы саясий көз караштардын жана кызыкчылыктардын келишпестигинен улам таркап кеткен.
«Жалал-Абад шаарынын шайлоочулары жалпыбызды шаардын келечегине жакшы жетишкендиктерди жана шаардын социалдык-экономикалык өсүүсүн камсыз кылат деген чоң үмүт менен депутат кылып шайлашкан. Андыктан шаардык кеңештин алдында жеке амбицияларды, саясий кызыкчылыктардын деңгээлинен чыгып, шаардын өнүгүүсү үчүн биригип, биргеликте иштөө милдети турат», - деди ал.

«Ошондуктан, КР мыйзамдарын сактоо менен акыркы кездеги саясий кырдаалдардан улам жоопкерчиликти өзүбүзгө алуу менен Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги «Өнүгүү», «Ата Журт» жана КСДП фракцияларынан турган коалицияны түзүү менен туңгуюк абалдан чыгуу сунушу менен кайрылат», - деп айтылат алардын кайрылуусунда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×