Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 22.04.2014 18:20

Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин тизмесин тактоо маселеси каралды

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясынын Достук аймактык башкаруусунда жума сайын өтүлүүчү жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу аймакты кабарчы билдирди.

Жыйынга аталган аймактык башкаруунун 15 кызматкери катышты. Анда шаар көчөлөрүн тазалоо жана 9-Май жеңиш күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин тизмесин тактоо жана аскер кызматкерлери тарабынан аскерге баруунун жолдору, альтернативалык кызмат өтөө иши тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган аймактык башкаруунун жетекчиси Ж.Жапаровдун айтымында, шаардын тазалыгын сактоо боюнча ишембиликтер уюштурулууда. «Ишембиликте буталбаган бак-дарактарды бутоо иштери жүргүзүлүүдө», - дейт Ж.Жапаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×