Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 22.04.2014 18:07

Жалал-Абад шаарында «Кыз ала качууга каршы» аталыштагы документалдуу фильм көрсөтүлдү

Turmush -  Бүгүн, 22-апрелде Жалал-Абад шаарынын Барпы театрында «Кыз ала качууга каршы» деген аталышта документалдуу фильм көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Кыз ала качуу салтбы же кылмышпы?» деген маселе жалпы келген катышуучулардын талкуусу менен улантылды. Мындай иш-чара ЕККУнун «Коомдук коопсуздук демилгеси» долбоору тарабынан өткөрүлгөндүгүн Жалал-Абад шаарындагы ЕККУнун коомчулук менен иштөө адиси Гулназ Болушева билдирди.

Анын айтымында, фильмди көрүүгө мектеп окуучулары, укук коргоочулар, акыйкатчы, аймактык башкармалыктын башчылары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн жалпы 300гө жакын жаран катышты. Кирүү акысыз болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×