Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 22.04.2014 11:53

Жалал-Абаддын Курманбек аймактык башкаруусунда кафелердин тазалыгын текшерген рейд болот

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкаруусунда ар апта өтүүчү кезектеги жыйыны бүгүн, 22-апрелде болуп өттү, деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Жыйында тазалыкты сактоочу атайын автобазанын жетекчиси Төлөнбек Бакиров аймакты таштандыдан сактоо боюнча элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын жана шаар бир аз тазаланып калганын белгилеп өттү.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бир канча жашоочулардын суроолору боюнча көчөлөрдү сигнализацияга өткөрүшкөн жана эл ошол нерсеге көнүп, ар бир жашоочу өзүнүн көчөсүн таза кармоого аракет кылып жатат.

«Ошондой эле, биздин мекеме почта менен келишим түзүп жатат, мындан ары жашоочулар көзөмөлгө ишенбей турган болсо, почта аркылуу таштандынын акысын төлөөгө болот. Бул нерсе жашоочуларга да бир канча жеңилдик болот, анткени электр, газга акы төлөө үчүн баргандар таштандыга да акы төлөп коюуга болот. Бул нерсе кудай буюрса, май айында күчүнө кирет», - дейт ал.

Курманбек аймактык башкаруунун башчысы Шухрат Бурхановдун айтымында, эми айрым кафе ресторандарга тазалыкты сактоочу атайын автобаза менен биргеликте рейд уюштурулмакчы.

Аталган жыйынга тийиштүү жетекчилер жана үй комитеттери болуп жалпысынан 25 адам катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×