Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 19.04.2014 13:04

Жалал-Абад шаарында баңгизат сатуу менен алектенген адам ири өлчөмдөгү бангизат менен кармалды (фото)

Turmush -  ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ушул жылдын 16-апрелинде ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатуу, ташуу, сактоо менен алектенген адамдарды кармоого жана издөөгө багытталган оперативдүү-издөө иштеринин жүрүшүндө, баңгизат кылмышын жасоого шектүү Жалал-Абад шаарынын жашоочусу кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин оперативдүү кызматкерлерге баңгизаттардын ири партиясын сатып алууга адамдарды издеп жүргөн жаш адам тууралуу маалымат алышкан. Оперативдүү иштеринин жүрүшүндө баңгизат сатуучу адамдын өздүгү жана жашаган жери аныкталып, кылмыш жасоо ниети жөнүндө так маалымат алынган.

Кылдат пландалган жана жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында, сатып алуучу ролунда бир нече кызматкерлер болуп, Жалал-Абад шаарындагы автобекетинде, «келишим» боло турган жердин жанында кадимки текшерүү сунушу боюнча шектүү жарандын автоунаасы токтотулган.

Автоунааны текшерүү учурунда салондун арткы бөлүгүндө кара целлофан баштык табылган, анда спецификалык нашаа жыты менен жашыл-күрөң заттардын 12 даана тик бурчтуу брикетти болгон. Анын сыртында штамп жана тамга түшүрүлгөн алтын түстөгү жазуулар болгон. Алынган заттардын жалпы көлөмү 7 кг 300 граммды түзгөн.

Ага карата КР Кылмыш жаза кодексинин 247- (Баңгизаттарды сатуу, өндүрүү, даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам КР кылмыш жаза кодексинин 94-беренесине ылайык Жалал-Абад шаарынын ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Соттук-химиялык экспертизанын бүтүмүнө ылайык, текшерүүгө алынган зат нашаа экендиги аныкталган. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери башталды.

image2

image1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×