Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.04.2014 18:15

Жалал-Абад шаарындагы таштандыларды таштоочу жайды реабилитациялоо долбооруна 7,1 млн евро бөлүнөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы таштандыларды таштоочу жайды реабилитациялоо боюнча шаар менен чектешкен Сузак районунун 6 айыл аймагынын калктуу конуштарын камтыган Европалык Реконструкциялоо өнүктүрүү Банкына (ЕБРР) болжолдуу баасы 7,1 млн евро болгон инвестициялык долбоор даярдалган.

КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаевдин берген маалыматына ылайык, бул долбоордун биринчи бетачаары 2013-жылы өткөрүлгөн.

«Бул долбоорду турмушка ашыруу боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан Сузак райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте тийиштүү чаралар көрүлүүсү зарыл», - дейт А.Исаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×