Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.04.2014 12:20

Эртең Жалал-Абад шаарындагы ишембиликке 350 студент чыгат

Turmush -  Эртең, 19-апрелде Жалал-Абад шаарында «Жазгы ишембилик» аталыштагы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча үч айлыктын алкагында ишембилик өткөрүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ишембиликке шаардагы орто жана жогорку окуу жайлардан коомдук жайларды тазалоого 350 студент тартылат.

Курулуш, транспорт жана коммуналдык маселелер боюнча вице- мэр Турдалы Темирбаевдин айтуусунда, бак-дарактарды актоо үчүн тиешелүү шаймандар менен «Зеленхоз» ишканасы камсыздайт.

«Ишембиликтен жыйналган таштандылар, калдыктар Жалал-Абад шаардык атайын санитардык тазалоо автобазасына жана «Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү» ишканасына милдеттендирилген», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×