Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.04.2014 15:37

Жалал-Абадда республикалык олимпиадага катышкан окуучулар мэрден белектерди алышты

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы №5-мектеп гимназиясынын 1-классынын окуучусу Маржана Бекболотова республикалык олимпиадада тарых сабагы боюнча 1-орунду жеңип алды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-мектептин окуучусу Айжамал Раимжанова 3-орунга ээ болгон. Бүгүн, 17-апрелде республикалык олимпиадага катышкан 8 окуучу Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаев менен жолугушуп, баалуу белектерди алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×