Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.04.2014 17:22

Жалал-Абадда депутаттык комиссия бала бакчалардын санитардык абалын жана азык-түлүктөрдүн сапатын текшерди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 16-апрелде Жалал-Абад шаарындагы бала бакчалардын тазалыгын жана тамактануучу жайларынын азык-түлүктөрүн текшерүү иши болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрайымы Абидова Зарифанын айтымында, шаар ичиндеги бала бакчаларды текшерүүнүн негизги максаты - балдар жетишээрлик деңгээлде тамактанып жаткандыгын текшерүү болуп эсептелинет.

«Бала бакчаларга шаар тарабынан бөлүнгөн акча каражаттарынын туура пайдаланып жаткандыгын жана бала бакчалардын тазалыгын текшерип, азык-түлүктөрдүн сактоо мөөнөттөрүн текшерүүгө алдык. Анын жыйынтыгы боюнча азык-түлүктөр туура сакталып, балдар жетишээрлик деңгээлде тамактанып жатканына күбө болдук», -деди ал.

Белгилей кетсек, аталган рейд 4 күн улантылган. Жалал-Абад шаарында жалпысынан 21 бала бакча бар, алардын ичинен 3 жеке менчик болуп эсептелинет. Баардык бала бакчаларда жалпысынан 4775 наристе тарбияланат.

16 04 2014_ЖА детсад 1

16 04 2014_ЖА детсад 2

16 04 2014_ЖА детсад 3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×