Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.04.2014 16:28

Жалал-Абад шаардык мэриясы каттоодон өтпөгөн айдоочуларга рейд жүргүздү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан атайын түзүлгөн комиссия бүгүн, 16-апрелде каттоодон өтпөгөн айдоочуларга рейд жүргүзүп, 30дан ашуун айдоочуга эскертүү берилди.

Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык салык башкармалыгынын рейддик салыктык көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору Бактияр Семетеев маалымдады.

«Каттоодон өтпөгөн айдоочулар кайсы аймакта жашаса ошол жерден каттоодон өтүп, андан кийин Жалал-Абад шаардык мэриясынан каттоодон өтүшү керек. Ошондо гана шаар бюджетине акча каражаты түшөт», - деди ал.

Кошумчалай кетсек, аталган комиссиянын курамы 7 адамдан турат.

16 04 2014_ЖА рейд 2

16 04 2014_ЖА рейд 3

16 04 2014_ЖА рейд 1

16 04 2014_ЖА рейд 4

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×