Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.04.2014 15:18

Жалал-Абад шаарында жолдорду оңдоп-түзөө иштери башталат, - вице-мэр

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы борбордук жолдорду оңдоп-түзөө иштери 25-28-апрель күндөрү башталат. Бул туурасында Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Турдалы Темирбаев билдирди.

Анын айтымында, 21-апрелде күйүүчү май, ал эми 23-апрелде асфальт таштоого кошуучу чакыч сатып алууга тендер өтөт. «Ушул күнгө чейинки аткарыла турган иштер такталган, тендер өтсө, шаардагы бир катар ички жана негизги жолдорду оңдоп-түзөө иштерин шаардык жолдор башкармалыгы аткарат», - деди вице-мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×