Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.04.2014 17:58

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Төш-Кутчу айылынын көйгөйлөрү менен таанышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 15-апрелде Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Таирбек Чойбеков Тайгараев аймактык башкармалыгындагы Төш-Кутчу айылынын тургундары жана мектеп мугалимдери менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургандар бир нече көйгөйлөрдү айтышты. Алар Төш-Кутчу айылы четте жайгашкандыктан, ага жакшы көңүл бурулбай жаткандыгын жана жол маселеси жамгыр жааганда ылайга айланганын белгилешти.

Мындан тышкары, алар суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткендиктен ичүүчү таза суу айыл тургундарына толук жетпей тургандыгын билдиришти. Ошондой эле алар айылда мончо жок экендигин айтышты. Мындай көйгөйлөрдү чечүү тапшырмасын вице-мэр аймактык башкармалыкка тапшырды.

мич

нукф

фуке

явап

апр

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×