Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.04.2014 13:38

Фото: Жалал-Абаддын Т.Тайгараев аймактык башкармалыгында 250 га жер айдалды

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Т.Тайгараев аймактык башкармалыгында 250 гектар жерди айдоо иштери аткарылды. Бул тууралуу аталган аймактык башкармалыктын башчысы Тумарбек Раимбердиев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, дагы 150 гектар жер айдалып, жүгөрү, күн карама эгилет. Мындан сырткары, белгиленген 43 чакырым арыктын 35 чакырымы казылган.

«Калган жумуштарды үзгүлтүксүз жүргүзүп, жашылча жемиштерди кечеңдетпей аткарууну колго алып жатабыз», - дейт Т.Раимбердиев.

Анын айтымында, 90 гектар жерге күзгү буудай себилген. «Алдыда аткара турган негизги ишиер суу келүүчү арыктарды тазалоо жана үзгүлтүксүз суу жеткирүү», - дейт ал.

IMG-20140415-WA0012

IMG-20140415-WA0013

IMG-20140415-WA0014

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×