Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.04.2014 09:27

Жалал-Абадда жамгырдан кийин жолдорду таптаган суулар сордурулуп жатат

Turmush -  Тынымсыз жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абад шаарынын Темир-Жол көчөсүнүн жанындагы жолдорду суу каптап, жашоочулардын жолдон өтүүсүнө ыңгайсыздыктар жаралды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Турдалы Темирбаев билдирди.

Анын айтымында, эки күн тынымсыз жааган жамгырдан улам жолду суу каптап, элдерге ыңгайсыздык жаралган жана үйлөрдү суу каптоодон алдын алуу максатында атайын жарандарды коргоо комиссиясы жана Суу канал башкармалыгы менен биргеликте «Камаз» үлгүсүндөгү 2 техниканын жана суу соруучтун жардамы менен сууну сордуруп алдык», - дейт Т.Темирбаев.

Белгилей кетсек, жарандарды коргоо комиссиясынан 4 адам, шаардык мэриядан 1 адам жана Суу канал башкармалыгынан келишип, жашоочулардын жардамы менен тынымсыз аракеттерден улам 13 саатта сууну 20 сантиметр төмөндүктө сордуруп алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×