Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.04.2014 18:33

Жалал-Абадда кароо-сынакта «Аялзат» фольклордук тобунун ырчылары 1-орунду ээлелешти

Turmush -  Эл артисти Жумамүдүн Шералиевдин чыгармачылыгы боюнча Жалал-Абадда өткөн кароо сынакта калыстар тобу тарабынан 1-орун Сузак районунун Багыш айылынын «Аялзат» фольклордук-этнографиялык тобунун 50-60 жаштан жогорку ырчыларына берилди.

Ал эми жалгыздан ырдап чыккандардан 1-орунду Ала-Бука районунан ырчы Нурзада Алыбаева ээледи. Аларга Бишкекте май айында өтө турчу республикалык сынакка катышууга жолдомо тапшырылды. Жалал-Абаддагы кароо-сынакка облустун 5 шаар жана райондорунан катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×