Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 14.04.2014 16:17

Жалал-Абаддагы спорт мектебинин окуучулары грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдешке катышууга жолдомо алышты

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Р.Санатбаев атындагы № 3 адистештирилген балдар жана жаш өспүрүмдөрдү олимпиадага даярдоо спорт мектебинин окуучулары спорттун грек-рим күрөшүнөн алдынкы орундарды ээлеп келишти. Бул туурасында аталган метептин машыктыруучусу Алтын Салаев билдирди.

Анын маалыматына таянсак, мелдеш 11-13-апрелде Талас шаарында өтүп, Кыргызстан биринчилигине арналган. Ага талган мектептен 15 тарбиялануучу барып катышкан. Мелдеште 1-орунду 50 кг салмакта Сыргак Максатбеков, 66 кг салмакта Нурбек Абдуганиев алган. Ал эми, 2-орунга 60 кг салмакта Калы Сулайманов, 74 кг салмакта Эсен Асан уулу ээ болуп, Кыргызстандын жаштар арасындагы курама командасын толукташты.

«Ошону менен быйылкы жылы өтө турган эл аралык мелдешке катышууга жолдомо алышты», - дейт машыктыруучусу А.Салаев сөзүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×