Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 11.04.2014 16:00

Жалал-Абадда окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү үчүн илимий негиздеги семинар болуп өттү

Turmush -  Кечээ, 10-апрелде Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Адистик компетенцияларды калыптандыруунун мааниси жана аны ишке ашыруунун илимий методикалык негиздери» аталышындагы теманын алкагында илимий негиздеги семинар болуп өттү.

Жалал-Абад МУнун басма сөз кызматы билдиргендей, аталган семинарга 5 факультеттин жана 2 колледждин бүтүрүүчү курстарынын студенттери катышты.

Ошондой эле, ЖАМУнун ректору саясат таануу илиминин кандидаты Акунжан Абдрашев, илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы Азиза Карбекова, окуу инспекциялык бөлүмүнүн инспектору жана физика математика илимдеринин доктору Курманбек Алыбаевдер катышты.

Физика-математика илимдеринин доктору К.Алыбаев: «Учурда бүткүл дүйнө жүзүндө билим берүүнүн жалпы мейкиндиктеги процесси жүрүп жатат. Бул процесстин негизги максаты - мамлекеттердин ортосундагы экономикалык, социалдык жана саясий жалпылыктардын келип чыгуусунда. Биздеги жогорку жана ортоңку окуу жайларда өз адистиктери боюнча магистратуралык, аспирантуралык окуу системаларын аяктап дипломду алганы менен, ал адис алган билимин пайдалана албай жаткан учурлар бар. Ошондуктан, ар жылы мониторинг сыяктуу бүтүрүүчү курстардын арасында алардын адистик компотенттүүлүгүн калыптандыруу иш-чараларды өткөрүп турабыз», - деп белгиледи.

Семинардын катышуучуларынын көпчүлүгү мындай адистик компотенттүүлүктү калыптандыруу иш-чаралары ар бир факультеттин өзүндө стихиялуу түрдө гана өткөрүлүп келгендигин баса белгилеп, мындан кийин ушундай масштабда өткөрүлүп турса жакшы болоорун белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×