Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 10.04.2014 17:21

Жалал-Абадда апрель окуясынын келечегин талкуулаган тегерек стол болуп өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 9-апрель күнү Жалал-Абад мамлекеттик университетинде апрель революциясынын 4 жылдыгына карата «7-апрель революциясы - келечек үчүн чоң сабак» аталышындагы илимий аспектидеги тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган тегерек столго шаар ичиндеги жогорку жана ортоңку окуу жайлардан 90го чукул студенттер, проффессордук-окутуучулук курам, проректорлор, айрым кафедра башчылары, ЖАМУнун ректору Акунжан Абдрашев жана шаар мэринин социалдык маселелери боюнча орун басары Айзат Раматиллаева катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө апрель революциясына байланыштуу, Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөн экономикалык, социалдык маселелерди өз ичине камтыган 5 суроонун тегерегинде аймак таануу, укук таануу, филисофия жана тарых кафедрасынын доценттери тарабынан баяндамалар окулду.

Тегерек столду уюштуруу иштерин жүргүзгөн Азиза Карбекова: «Биз мындай иш-чараларды ар жыл сайын уюуштуруп келебиз. Албетте, өлкөбүздө болуп өткөн кандуу төңкөрүштү, кыргыздын каны менен келген учурдагы адилеттүү бийликтин себепкерлерин унутууга биздин акыбыз жок. Ошондуктан, бул сыяктуу эскерүү иш чаралары көп болгону жакшы жөрөлгө деп эсептейм», - деген пикирин айтты.

Апрель революциясына байланышкан тегерек стол Жалал-Абад шаарындагы ЖОЖдор менен бир катар окуу жайларда улантылат.

DSCF9440  DSCF9442 

DSCF9436 DSCF9441  

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×