Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.04.2014 17:06

Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактарга карата рейд өткөрүлдү

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын аймагында мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактарды тартипке келтирүү максатында шаардык мэриянын мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан белгиленген мөөнөтү менен эскертүү таркатуу рейди жүргүзүлдү. Бул туурасында Жалал-Абад шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Үпөл Асаналиева билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө 5 ири жана орто көлөмдөгү көрнөк-жарнак ээлерине эскертүү берилди.

«Көрнөк-жарнактардын ээлерине мамлекеттик тил боюнча мыйзам талабына ылайыктап жарнак илүү керек экени айтылды», - деди Ү.Асаналиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×