Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.04.2014 15:10

Жалал-Абаддын борбордук базарындагы таштанды күнүнө 2 унаа менен алынганына карабай, толуп калууда, - мэрия

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардан чыккан таштандылар көп болуп, бир катар ыңгайсыздыктарды жаратууда, деп билдирди шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Санитардык тазалыкты сактоочу атайын автобазанын жетекчиси Төлөнбек Бакировдун айтымында, Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардан чыккан таштанды ар күнү 2 унаа менен алынат. Бирок, ага карабай күндүз кайра эле таштанды толуп калат.

«Аны Жалал-Абад шаардык тазалыкты сактоочу атайын автобаза кызматкерлери алып кеткенге күндүзү мүмкүн эмес, себеби техникалардын тыгындыгынан унаа кирип кайра чыгууда кыйынчылык жаралат. Экинчиден, 1 айга каралган 40 миң сом каражат келтирилген чыгымдарга жетпейт. Жалпы чыгаша ар күнү 3 миң 400 сомдон айланып, кайра 62 миң чыгаша тартабыз», - деди ал.

Анын пикиринде, бул маселени чечүү үчүн базар өз таштандысын өзү алыш керек, же 2 ирет тазалап кетүү үчүн келишим түзүлүшү керек. «Дагы бир маселе, ишембиликтен топтолгон таштандылар дагы урналарга салынып жатат», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×