Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.04.2014 12:06

Жалал-Абад шаарында муниципалитет көчөлөрдүн тазалыгын сактоо максатында рейд өткөрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкаруусунда жума сайын өтүүчү жыйын өткөрүлдү. Жыйынга квартал комитеттеринин төрагалары, милиция кызматкерлери, аймактык тескөөчү, аксакалдар комитетинин төрагалары катышып, шаар ичиндеги көчөлөрдөгү бак-дарактарды бутоо жана жолдордогу таштандыларды арылтуу маселелери каралды.

Жалал-Абад шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, Достук аймактык башкаруусунун жетекчиси Жыргалбек Жапаров: «Бүгүн Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин кызматкерлери менен биргеликте көчөлөрдүн тазалыгын сактоо максатында рейд өткөрүлөт», - деп белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×