Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.04.2014 11:06

Жалал-Абад шаарындагы Балдар окуу борборунун курулуш иштеринин 70%ы бүттү

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасында салынып жаткан Балдар окуу борборунун курулуш иштеринин 70%ы бүтүп калды. Бул тууралуу тендердин жеңүүчүсү, «Айыл-энерго» ишканасынын курулуш бригадасынын башчысы Мамашакир Сатаров.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери өткөн жылдын 2-декабрында АРИС программасынын каржылоосунда башталган.

«Балдар окуу борборун курууда заманбап коммуналдык бардык шарты эске алынган. Ошондой эле бул борбордун курулушу ушул жылдын июль айында толук бүткөрүлөт», - дейт ал.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын ар бир аймактык башкармалыгына АРИС тарабынан 100 миң доллардан колдоо көрсөтүлгөн. Балдар борборунун курулушуна коомчулук тарабынан 70 миң сом жыйналган, ал эми 174 миң сом акча каражаты шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×