Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.04.2014 11:01

Жалал-Абадда коммуналдык төлөм жүргүзгөн абоненттердин саныкөзөмөлдөөчүлөр тарабынан азайтылып жатканы айтылды

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Спутник аймактык башкармалыгында бүгүн, 8-апрель күнү өткөн аппараттык жыйнда аймактык жашоочулардын көйгөйүнө айланган ичүүчү суу менен таштандылардын алынуусу жана алардын төлөмдөрүнүн төлөнүүсү тууралуу талкуу жүрдү. Бул туурасында аймактык кабарчы маалымдады.

№ 63 кондоминиумунун төрайымы аппараттык жыйында белгилегендей, аймактын кондоминиумдары, жашоочулары так абоненттер боюнча маалыматты белгиленген ишканаларга беришкенине карабастан, ишканалардын кээ бир көзөмөлдөөчүлөрү тарабынан абоненттердин санын азайтуу аракеттери жүрүүдө.

Ал эми «Суубашкармалыгынын» юристи Жаныш Абдрахманов: «Роза Азимов көчөсүнүн 45 а жана 41 көп кабаттуу жатакананын жашоочулары менен ичүүчү сууга болгон төлөм боюнча келишим түзүү үчүн комиссиянын курамы менен бүгүн кечинде рейд жүргүзөбүз», - деп билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×