Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.04.2014 10:31

Жалал-Абадда бала бакча мугалимдеринин арасында маданий сынак болуп өттү

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда бала бакча башчыларынын арасында сынак болуп өттү. Бул тууралуу Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Гулжан Асанова билдирди.

Анын айтымында, «КРнын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө» жылына карата райондогу балдар бакчаларынын башчыларынын арасында маданий сынак өтүп, жыйынтыкталды. Иш-чарага район акими Алымкул Кулуев баштаган бийлик өкүлдөрү катышты.

«Сынакта бакча башчылары «Акак», «Даткайым» болуп эки командага бөлүнүп, улуттук кийимдер менен кыргыз элинин улуулугун даңазалаган иштер аткарылды. Албетте, мындай саамалыктар жаштарга жакшы таасирин берет», - дейт Гүлжан Асанова.

Кошумчалай кетсек, учурда район аймагында 24 бала бакча бар. Ал эми райондо өтүп жаткан сынак эми мектеп директорлорунун арасында уланмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×