Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.04.2014 09:39

Жалал-Абадда төкмө акын Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына карата анын ысымы коюлган бакчалар, көчөлөр тазаланууда

Turmush -  Жалал-Абад облусунда айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдыруу боюнча жүрүп жаткан үч айлыкта Т. Сатылгановдун ысымы берилген мекемелерди, бакчаларды, көчөлөрдү жасалгалоо, тазалоого өзгөчө көңүл бөлүнүп жатат. Мындай маалыматты өкмөттүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаев билдирди.

Анын айтымында, улуу төкмө акын Т. Сатылгановдун 150 жылдыгына карата бактар, көчөлөр тазаланууда. «Андан тышкары, Бишкек-Ош жолунун жээктери тазаланып, көрнөк-жарнактар жаңыланууда», - дейт А.Исаев.

Эске салсак, үч айлыктын жыйынтыгы июнь айында аяктайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×