Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.04.2014 18:23

Жыл башынан бери Жалал-Абад шаарына 3 жаңы трансформатор орнотулду

Turmush -  Жыл башынан бери Жалал-Абад шаарынын кичи райондоруна 3 жаңы трансформатор орнотулду жана дагы 17 трансформатор орнотуу керек.

Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык электр тармактарынын жетекчиси Дурус Рахманов билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, мурунку жылы 123 трансформатордун ордуна 138 трансформатор оңдолгон. Ошондуктан, электр энергиясына болгон талап жыл сайын өсүп жатат.

2013-жылы шаарда электр энергиясы лимиттен ашык колдонулуп, саатына 16 млн киловатка жеткен жана ага карабастан шаар боюнча жаңы 17 трансформатор ишке берилген.

«Электр энергиясынын эң төмөнкү баасы Кыргызстанда, бирок жашоочулар электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланбайт», - деп белгиледи Д.Рахманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×