Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 02.04.2014 10:02

Жалал-Абадда жүрөк алдындагы эң чоң шишикти алып салуу боюнча операция жасалды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы түштүк аймактык жүрөк кан тымырлар хирургиясынын илимий борборунда жүрөк алдындагы айыгып кете турган эң чоң шишикти алып салуу боюнча ыкчам операция жасалды. Операция жүрөктүн токтоп туруу жана жасалма кан айлануу шартында жасалды. АКИpress агенттигине борбордун директору Калдарбек Абдраманов билдиргендей, 54 жаштагы бейтапка ЭХО-кардиографиясында жүрөк алдында чоң ички кистасы менен эң чоң айыгып кете турган шишиктин бар экендиги боюнча диагноз коюлган.

9,7 см өлчөмүндөгү шишик сол жүрөк алдындагы көңдөйдү толугу менен ээлеп калган, ал эми жүрөктүн жыйрылган аракети жүрөк алдындагы кан өтүүчү жерин жаап, сол атриовентрикулярдык тешикке кирип калган.

Аталган операциянын өзгөчөлүгү жүрөктүн мындай эң чоң шишиги абдан сейрек кездешкенинде. Мындан тышкары, операцияга чейин жана андан кийин дагы өлүмгө учуроо коркунучу бар. «Мындай операцияны жасоо өтө эле коркунучтуу болуп эсептелинет», - дейт адис.

операция

операция1

операция2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×