Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 25.03.2014 14:05

Жергиликтүү тургундар менен жолугушкан дарыгерлер бир катар маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Turmush -  Бүгүн, 25-мартта Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасындагы №9 мектепте шаар тургундары менен медицина кызматкерлеринин жолугушуусу болуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана эл тарабынан айтылган көйгөйлөр талкууга алынды. Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Буга чейин мындай жолугушуулар турак үйлөрдүн жанында аз эле адамдардын катышуусу менен жүргүзүлүп келген. Мындай чоң масштабдагы жолугушуу биринчи ирет болуп жатат. Анын башкы максаты кантип дарылануу керек, кимге кайрылуу зарыл, кайсыл учурда бекер дарыланууга болоору тууралуу маалымат берүү болуп эсептелет», - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, маалыматта айтылгандай, учурда жашоочулар жакын аралыктагы жерде жайгашкан ооруканалардан укол алууда. Ошондуктан эл менен жолугуп аларга көбөйүп жаткан оорулар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү жолугушууга 90 жашоочу катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×