Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 24.03.2014 16:20

Жалал-Абад облусунда кургак учук оорусу азаюуда

Turmush -  Кургак учукка каршы облустук ооруканасынын башкы дарыгери Исамамат Арзиевдин айтуусунда, Жалал-Абад облусунда кургак учук оорусу азаюуда.

Ушул жылдын эки ай аралыгында 104 оорулуу катталган, алардын ичинен 1 бала, 4 өспүрүм болгон. Ал эми былтыркы жылы эки ай аралыгында 114 оорулуу катталып, алардын ичинен 3 бала жана 6 өспүрүм болгон.

Ошондой эле, кургак учук оорусунан каза болгондордун саны да кыскарууда. 2012-жылы 58 адам каза болсо, 2013-жылы кургак учуктан 35 адам каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×