Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 13.02.2020 11:23 На русском

«Азык-түлүк сакталбайт»: Жалал-Абаддагы оорукананын өлүк сактоочу муздаткычы жана социалдык тармактагы маалымат

Морозильная камера для хранения трупов
Морозильная камера для хранения трупов
// Turmush

Turmush -  Жалал-Абад облустук ооруканасында каза болгон адамдын сөөгү сакталып жаткан муздаткычта азык-түлүктөр сакталган эмес. Анткени бул муздаткыч оорукананын патанатомия бөлүмүндөгү муздаткычтын бузулуп калгандыгына байланыштуу жагдайдан чыгуу максатында альтернативдик түрдө колдонулат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жетекчиси Кумар Ботокараев билдирди.

Социалдык тармактарга аталган облустук ооруканадагы муздаткычта азык-түлүктөр сакталып жатат делген маалыматтар тараган.

«Азыркы тапта пайдаланып жаткан муздаткыч туура, азык-түлүк сактоочу муздаткыч. Ал каза болгон адамдын сөөгүн сактоого ыңгайлашкан. Бирок оорукананын азык-түлүктөрү сакталбайт. Өзүбүздүн 10 адамдын сөөгүн сактоого ылайыкташкан муздаткыч иштебей калгандыктан чакан муздаткыч колдонулуп жатат. Өзүбүздүн муздаткыч жакынкы күндөрү оңдолот, абал жөнгө салынат», - деди Кумар Ботокараев.

Ал 10 адамдын сөөгүн сактоого ыңгайлашкан муздаткычты оңдоо үчүн Ош облусунан мастерлер чакырылганын кошумчалады.

Turmush басылмасы буга чейин оорукананын 10 адамдын сөөгүн сактоочу эки көздүү муздаткычы өткөн жылдын жай мезгилинен бери иштебей жатканын жазган.

Толук маалымат жана видео бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×