Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 12.02.2020 14:12

Жалал-Абад облустук медиа борборун эми Тургунбай Алдакулов жетектейт

Turmush -  Тургунбай Алдакулов кайрадан Жалал-Абад облустук медиа борборунун жетекчиси болду. Жаңыдан дайындалган жетекчини жамаатка бүгүн, 12-февралда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков тааныштырды.

Аны Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Жалал-Абад облустук медиа борборунун башкы директору кызматына эмгек келишиминин негизинде дайындаган. Тактап айтканда, Эмгек кодексинин 55-58-беренелерине жана өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы №236 токтому менен бекитилген «КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлиги жөнүндө» жобонун 13-пункттуна ылайык дайындалган.

Ы.Ызабеков буга чейин Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясын жетектеп келген Союзбек Абдрасулов да жакшы жумуштарды жасап кеткендигин белгиледи жана жаңы жетекчиге ийгиликтерди каалады.

Т.Алдакулов жетекчиликке кайрадан келип калуусунун себептерин түшүндүрдү.

«Мен «Ош» телеканалынын жетекчилигине талапкер катары катышып, документтеримди толтургам, баарлашуудан өтүп келгем. Бирок ал мекемеге башка айым жетекчи болду, барып куттуктап, ийгилик каалагам. Ал эми бул жерге сынак жүрүп жатканын угуп, бирок катышкан эмесмин. Министрлик сынакка катышкандар өтпөй калышканын айтышып, мени ойлонуп көр дешти. Менимче алар менин ага чейинки талапкер катары катышканымды эске алышса керек. Ырас ишеним көрсөткөн соң, буйруса ишти алдыга жылдырууга бүт аракетимди жумшайм. Соцтармактагы түрдүү кептерден улам сиздерге да түшүндүрө кетейин», - деди Т.Алдакулов

Ал 2016-жылдын декабрь айынан 2018-жылдын март айына чейин Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясын жетектеп кеткен.

Аталган медиа борбордо учурда 81 кызматкер бар.

Алдакулов Тургунбай Абдирасулович Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаган. ОшМУнун «Нур» гезитинин башкы редактору (2009), ОшМУнун басма сөз кызматынын жетекчиси (2001), «Үмүт» телестудиясынын директору (2003), «Заман Кыргызстан» гезитинин Ош боюнча редактору (2006), «Эко» телеканалынын башкы редактору (2008), «Ош шамы» гезитинин башкы редактору (2009), ЭлТР МТРКсынын продюссери (2014), «Ош Пирим» ТРКсынын аткаруучу директору (2015), Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башкы директору (2017), Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси, Улуттук маданий борбордун башкы директору (2018) кызматтарында эмгектенген. 2019-жылдан бери «Идар медиа» борборун негиздеп, жаңы медиа боюнча долбоорлорду ишке ашырып келген.

1999-жылы Баткен облусуна бастырып кирген диний экстремисттер менен сүйлөшүү жүргүзүүгө эң алгачкылардан болуп катышкан.

Маданияттын мыкты кызматкери, КРнын президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси. Ош шаардык мэриясынын, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Улуттук коопсуздук кызматынын, ИИМдин жана ӨКМдин ардак грамоталары менен сыйланган.

Журналисттик иш сапары менен Россия, АКШ, Кытай жана Түркия мамлекеттеринде стажировкада болгон.

Үй-бүлөлүү. Үч уул, бир кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×