Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 12.02.2020 12:04

Сүрөт — Жалал-Абадда 4 унаа жол кырсыкка кабылды

Turmush -  Кечээ, 11-февраль күнү саат 11:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Пушкин көчөсүндө 4 унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүнүн тургуну М.О. өзүнүн «ДЭУ Ланос» үлгүсүндөгү унаасы менен бурулуп жаткан. Ошол учурда Спутник кичи шаарчасынын 2001-жылы туулган тургуну Т.А. өзүнүн «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаасын катуу ылдамдыкта башкарып бара жатып карама каршы тилкеге чыгып, Базар-Коргон районунун тургуну Ө.А. башкарып жүргөн «ДЭУ Матиз» унаасын сүзгөн. Анын кесепетинен «ДЭУ Ланос» унаасынын айдоочусу М.О. жолдун жээгинде токтоп турган Базар-Коргон районунун Акман айылынын 1981-жылы туулган тургуну М.Ж.нын «ДЭУ Матиз» унаасын сүзүп, жолдон чыгып кеткен.

Айдоочу О.А.нын унаасындагы жүргүнчүлөр: Жалал-Абад шаарынын тургундары — 1964-жылы туулган Ю.У., 1991-жылы туулган Д.Ч., 1937-жылы туулган У.М. денесинен жараат алып, облустук ооруканага кайрылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×