Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 12.02.2020 11:34 На русском

Жалал-Абаддагы өзбекстандык студенттер да окуусун өз мекенине которууга даярданып жатышат

Жалал-Абадский государственный университет
Жалал-Абадский государственный университет

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларында Өзбекстандан келип окуп жаткан студенттер өз мекенине кетүүгө даярданып жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Белгилүү болгондой, 6-февралда Өзбекстандын Билим берүү министрлиги Кыргызстанда жана Тажикстан, Казакстанда окуп жаткан өзбекстандык студенттерди өз мекениндеги жогорку окуу жайларына кайтаруу жөнүндө буйрук чыгарган. Өзбекстандык студенттерге жогорку окуу жайларга сынак тапшырбастан өтүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Ал үчүн чет жерде билим алып жаткан өзбекстандык студенттер 15-февралга чейин документтерин тапшырыш керек.

Мындан улам Жалал-Абад шаарында жашап, окуп жаткан өзбекстандык студенттер Өзбекстанда окуй турчу окуу жайынан тийиштүү документ алып келүү үчүн мекенине кетип жатышат. Бирок азырынча бир дагы студент тийиштүү документти көрсөтө элек.

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңеш Усеновдун айтымында, аталган окуу жайда 800гө жакын өзбекстандык студент билим алат.

«Өзбекстандан келип окуп жаткан студенттердин канчоосу кетери тууралуу азырынча так маалымат бере албайбыз. Окуу жайга которулуунун өзүнүн шарты бар. Өзбекстандагы окуу жайлардан студентти кабыл алгандыгы тууралуу расмий кат келгенде гана студентти бошотобуз. Өзбекстандагы окуу жайга тапшырбай же биздин окуу жайда окуусун уланта албай калган студент болбош керек. Коңшу өлкөнүн окуу жайларынан бизге сурам (запрос) келе элек», - деди ал.

Аталган окуу жайда чет элдик 2000ге чукул студент билим алууда. Ал эми күндүзгү бөлүмдө жалпы 9000 студент окуйт.

Шаардагы илимий-изилдөө медициналык-социалдык институтунун жетекчиси Куштарбек Таңпадаровдун айтымында, аталган окуу жайда азырынча бир дагы өзбекстандык студент которула элек. Бирок Өзбекстанга барып келип жаткандар бар.

«Биздин окуу жайда тажикстандык 10, өзбекстандык 626 студент бар. Көпчүлүгү окуусун котороорун айтып жатышат. Өзбекстандагы окуу жайлардан макулдук берилип, сурам келгенден кийин гана документтерин кайтарабыз. Кайсы окуу жайларды тандап жатышканы азырынча бизге белгисиз. Массалык түрдө окууларын таштап кетишкен жок, 1-2 күнгө суранып, кезектешип барып келип жатышат. 1-курстун студенттерине сессия жүрүп жатат», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан өзбекстандык студенттер окуусун Өзбекстандагы окуу жайларга которууга даярдана башташканын жазган.

Өзбекстандык массалык маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, Өзбекстандын Билим берүү министрлигинин чечими өлкө жетекчилигинин жарандарды эл аралык стандарттарга туура келген жогорку окуу жайларында окутуу жөнүндө планы менен байланыштуу.

Толук маалымат жана видео бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×