Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 11.02.2020 13:35

Иштебей калган өлүк сактоочу муздаткыч же Жалал-Абаддагы өлүкканадагы көйгөй (видео, сүрөт)

Өлүккана
Өлүккана

Turmush -  1 миллион 200 миңден ашык калкы бар Жалал-Абад облусунда 10 адамга ылайыкташкан өлүк сактоочу муздаткыч иштебей турат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы адистерге таянуу менен билдирди.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын өлүкканасында сөөк сактоочу эки көздүү муздаткыч былтыркы жылдын жай мезгилинен бери иштебей турат. Аталган оорукананын патанатомия бөлүмүнүн башчысы Жунусбек Ташболотовдун айтымында, өлүк сактоочу муздаткыч 2012-жылы эл аралык уюмдардын колдоосу менен коюлган.

«Муздаткыч 10 адамга ылайыкташкан, эки көздүү, ар бирине бештен адам сөөгү батат болчу. Былтыркы жылдын жай мезгилинин аягында иштебей калды. Жалал-Абаддагы күчтүү деген мастерлердин баарына көрсөттүк. Алар «компьютердик система экен» дешип оңдой алышкан жок. Жакында эле жетекчибиз Оштон адистерди алып келип көрсөттү. Сүрөткө тартып кетишкен, жыйынтыгын айта элек. Биздин жетекчилик муздаткычты күн ысыгыча калыбына келтирүү боюнча аракет жасап жатышат. Муздаткычты иштетип албасак бизге деле кыйын болуп калат», - деди ал.

Бул жайда жылына онго жакын белгисиз өлүк бир аптага чейин сакталат. Былтыркы жылы чет өлкөлүк эки жаран каза болуп, бирөөсү 1 айдай аталган муздаткычта сакталып турган. Экинчиси алынып келген учурда муздаткыч жакшы иштебегендиктен бир адамга ылайыкташкан өлүк сактоочу муздаткычта 12 күн кармалып турган.

Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын жетекчилиги да муздаткычты иштетүү боюнча иш жүрүп жатканын, жакынкы айларда маселе оң тарабына чечилерин айтты.

Облустук ооруканадагы өлүкканада жылына болжол менен жүздөй адам союлат. Белгилүү болгондой, район-шаарлардагы аймактык ооруканалардын базасындагы өлүкканалардын биринде да өлүк сактоочу муздаткыч жок. Белгисиз өлүк болсо райондон облустук ооруканага которууга туура келет. Баарынын ишенгени облустук клиникалык ооруканадагы муздаткыч. Ал да былтыркы жылдын жай мезгилинен бери иштебей турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×