Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 10.02.2020 12:22

Ресторандын жанынан адам уурдап, жолдо унаасы бузулган кылмышкерлердин окуясы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт
// Turmush

Turmush -  Жалал-Абад шаардык сотунда акча талап кылуу максатында жаш жигитти уурдоого катышкан Шумкардын (аты өзгөртүлдү, М.у.Ш.) жазык иши каралды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Айыпталуучу Шумкар Ош облусунда туулган. Өзүнүн айтымында, 2-класстан кийин окуган эмес. Үй-бүлөлүү, 1 баласы бар. Чүй облусунда жашап жүргөн. Мурда соттолгон эмес. 2019-жылдын 31-октябрынан бери камакта. Жазык кодексинин 170-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-4-пункттары (адамдардын тобу тарабынан акча талап кылуу максатында киши уурдоо) менен айыпталууда.

Тергөө кызматынын маалыматына караганда, Шумкар шериктери менен алдын ала сүйлөшүп, 2019-жылы 11-февраль күнү саат 16:00-17:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы ресторандардын биринин жанынан Талгарды (аты өзгөртүлдү, Т.Ф.Д.) «Хонда Фит» унаасына салып, Бишкек шаарына уурдап кетишкен.

Сот отурумунда Шумкар күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтымында, 2019-жылы 10-февралда Бишкек шаарында мурдагы таанышы Дамир (аты өзгөртүлдү, К.Д.) менен кафеде отурганда Бакай (аты өзгөртүлдү, З.Б.) «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа менен келип, ошол жерден Бакай менен таанышкан. Бакай менен Дамир Ош облусуна бара турушканын айтышканда Шумкар дагы алар менен Ош шаарына жетип алууну көздөп, «Хонда Фитке» отурган. Бишкек шаарынын чыга беришинен унаага Каныбек (аты өзгөртүлдү, Т.К.) дагы отуруп, төртөө Жалал-Абад облусуна жөнөшкөн. Шумкар Жалал-Абадга барганча тоноо тууралуу эч нерсе укпаганын, акча жөнүндө да сөз болбогонун билдирди. Анан Жалал-Абад шаарына барышкандан кийин тамактанып, унааны «Салтанат» ресторанынын жанына токтотуп, укташкан. Саат 16:00 чамасында Дамир андан унаадан түшүп турууну айткан жана Бакай экөө унаадан түшүшкөн. Кийин жабырлануучу (Талгар) унаасы менен келип, «Хонда Фитке» отургандан кийин Бакай экөө дагы унаанын артына отурушкан. Ал эми «Хонда Фитти» Каныбек башкарып, Дамир анын жанында унаанын алдына отурган. Шумкардын айтымында, унаада бара жатканда Дамир Талгар менен акча жөнүндө сүйлөшүп жатканын уккан. Дамир алардын аркасынан жабырлануучунун унаасы келе жатканын көрүп (Талгардын унаасын анын досу башкарып келе жаткан), унаадан түшүп, алардын артынан келе жаткан унаанын ачкычын алып, ыргытып жиберген. Андан ары жөнөп кетишкенден кийин бир жерге токтоп, Дамир Талгарды уруп, телефон чалдырып, акча сураткан. Андан кийин алар кайра Бишкек шаарына келип, Дамир тапкан батирге барышкан. Ал жактан да Дамир Талгарга телефон чалдырып, акча сураткан. Шумкар ошондон кийин чөнтөк телефонун өчүрүп, батирден кетип калганын айтты. Ал тергөө учурунда берген көрсөтмөсү туура эмес экенин, тергөөчү кол кой деген жерге эле протоколду окубастан кол коюп берип койгонун кошумчалады. Өзүнүн айтымында, Дамир аларга кошулуп калгандан кийин качпа деп айткан. Ошондуктан алар менен чогуу жүрүп, кетип калууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Сот отурумунда Талгар 2019-жылы 11-февралда саат 16:30 чамасында ага бир адам телефон чалып, «агаңдын атынан чалып жатам, сага жөнөтмө (посылка) бар, «Салтанат» ресторанынын жанына кел» деп айтканын билдирди. Анын айтымында, досу экөө «Мерседес-Бенц» унаасы менен Дамир айткан жерге барышкан. Дамир менен жолукканда ал «Хонда Фитке» отур деп айткан. Талгар унаага отурганда Каныбектин рулда отурганын көргөн. Ошол учурда унаага эки тарабынан Бакай менен Шумкар отуруп, Каныбек унааны айдап жөнөгөн. Сузак районунун Ынтымак айылына жеткенде алардын артынан «Мерседес-Бенц» унаасы менен Талгардын досу келе жатканын көрүшкөн. Дамир «Мерседес-Бенцтин» ачкычын алып ыргытып, Талгардын досунун чөнтөк телефонун алып алган. Талгардын айтымында, эки тарабында отурган Бакай менен Шумкар аны бети-башына ургулап сабашкан. Колун кур менен байлап коюшкан. Талгар коркконунан үн чыгарбай кете берген. Бир аздан кийин жигиттер унаанын мамлекеттик номурун алмаштырышып, май куюп, анан ээн талаага жетишкенде Талгарды унаадан түшүрүшкөн. Аны төмөн тарапка алып барышып, таяк менен сабап, Талгар жатып калганда тепкилеп салышкан. Жабырлануучу Талгар ал жерден Шумкар аны урбаганын билдирди.

Андан кийин Дамир телефонун алып келип, Талгарга агасы бирөөнөн 20 миң доллар алганын айтып, ошол акчаны бир адамга барганда берип коюу керектигин айттырышкан. Талгарга агасы андай суммадагы акча жок экенин билдирген. Бирок Талгардын агасына эгер акча таап бербесе, инисин өлтүрүп сала турганын айтышкан. Кайра унаага отурушкандан кийин Дамир кайрадан Талгардын агасына телефон чалып, «иниң бизде, анын жашоосун кааласаң 30 миң доллар таап бер» деп айтып, телефонду өчүрүп койгон. Андан кийин дагы бир нече жолу телефон чалышкан. Бир маалда унаасы жүрбөй калганда аны түртүп, бир жерден оңдотушуп, андан ары жолду улашкан. Талгардын колун кайра байлап, көзүн шаап, жерди каратып, «башыңды көтөрсөң өлөсүң» деп айтып, бир-эки жолу урушкан. Талгар башын көтөрө албай, кыйналып кете берген. Түнү менен жол жүрүп, таң атып калганда Кара-Балта шаарына жетишкенин билген. Ал жерден жигиттердин бирөөсү кийин келе турганын айтып түшүп калган. Анан «Хонда Фиттин» ээси чалганда ага кошумча акча бере турушканын айтып, тамактанышып, Талгардын агасына дагы бир жолу телефон чалып, акчаны тез таап берүүнү талап кылышкан. Бир жерден унааны «Жигули» унаасына алмаштырып, Талгардын агасына акчаны Украина жана Түркияга жөнөтүү керектигин айтышкан. Талгарды Бишкек шаарындагы бир батирге алып келишкен. Ал күнү ошол батирде түнөп, эртеси кайра Талгардын агасына чалышканда ал акча даяр экенин айткан. Талгат ошол учурда башка бөлмөдө колу байлануу отурган. Дамир менен Шумкар үйдөн чыгып кетишкенде Талгар байланган колун бошотуп, терезени ачып, жардам сурап кыйкырган. Башка бөлмөдө отурган Бакай келе калып, анын оозуна бир нерсе тыгып, кайра колун байлап койгон. Кийин Бакай да батирден качып кеткенде Талгарды милиция кызматкерлери бошотушкан.

Күбө катары суралган Талгардын атасы окуя болгон күнү уулун унаага салып кетишкенин уккандан кийин милицияга арыз жазганын билдирди. Ага уулу Фарух (аты өзгөртүлдү, Талгаттын агасы) телефон чалып, иниси үчүн акча талап кылып жатышканын айткан. 13-февраль күнү милициядан телефон чалып, уулу бошотулганын билдиришкен.

Тергөө учурунда айыпталуучулар «Хонда Фит» унаасын ижарага алышканы белгилүү болгон.

Жыйынтыгында сот Шумкарды күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыратты.

Соттун өкүмү 7-февралда чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×