Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 10.02.2020 11:12

Жалал-Абад шаарындагы милиция кызматкерлери 80 жаштагы ардагерден кабар алды

Turmush -  Ички иштер органдарынын 80 жаштагы ардагери Атагелди Бердигуловдон Жалал-Абад ШИИБдин өздүк курамы кабар алып, туулган күнү менен куттукташты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

ШИИБдин жетекчиси, милициянын полковниги Эрнист Молдокеев ардагердин үлгүлүү эмгек жолун баяндап, азыркы учурда дагы жаш кызматкерлерге акыл-насаатын айтып, өздүк курам менен тыгыз кызматташып келе жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле ардагерди өздүк майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык каалап, ИИМдин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалы менен сыйлады.

Ички иштер органдарынын 80 жаштагы ардагери Атагелди Бердигулов 1940-жылы 5-февралда Сузак районунда туулган. 1957-жылы орто мектепти аяктап, жашаган жериндеги колхоздо 1962-жылга чейин курулушта иштеген. 1962-1965-жылдар аралыгында советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1965-жылдан 1987-жылга чейин ички иштер органдарында кызмат өтөп, ардактуу эс алууга чыккан. 1967-1970-жылдары Фрунзедеги автожол техникумун сырттан аяктаган. 1970-жылы КПССтин мүчөсү болгон. 1967-жылы 27 жашында үйлөнүп, 4 уул, 2 кыздын атасы болгон. Учурда 14 небере жана 7 чөбөрөсү бар.

Атагелди Бердигулов азыр да кайратынан жазбай, коомдук иштерге активдүү катышып, жаш кызматкерлерге өзүнүн насаатын айтып, коомчулукта милициянын кадыр-баркын көтөрүүгө зор салымын кошуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×