Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 05.02.2020 18:12 На русском

Атаандашын оюн талаасында күткөн «Нефтчи». Түркмөн футболчулары Кыргызстанга эмне үчүн келген жок?

«Нефтчи» футбол клубу
«Нефтчи» футбол клубу

Turmush -  Кыргызстандын «Нефтчи» футбол клубу менен Түркмөнстандын «Ахал» футбол клубдарынын ортосундагы беттешүү болбой калгандыктан, көрүүчүлөр Жалал-Абад шаарындагы «Курманбек» стадионуна киргизилген жок. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 5-февралда Азия футбол конфедерациясынын алкагында «Нефтчи» жана «Ахал» клубдары күч сынашмак. Оюндун башталарына 30 мүнөт калганда «Нефтчи» клубунун оюнчулары талаага машыгууга чыгышкан. Эл аралык деңгээлдеги оюндун убактысы жеткенде «Нефтчи» командасынын футболчулары атаандаштарын оюн талаасында күтүштү. Андан соң калыстын ышкырыгынан кийин талаадан кетишти.

Ал эми беттешти көрүүгө келген көрүүчүлөр стадионго киргизилген жок. Буга чейин билеттер 100-150 сомдон сатылары айтылган, бирок сатылган эмес.

Эл аралык мелдешти өткөрүүгө стадионго чоң экран орнотулган. Бир күн мурда эки клубдун футболчуларынын машыгуусуна Базар-Коргон районундагы стадион даярдалган болчу.

Буга чейин «АКИпресс-Спорт» басылмасы түркмөнстандык клуб коронавируска байланыштуу беттешти жылдырууну суранганын жазган.

Кыргыз премьер-лигасы билдиргендей, 3-февралда «Ахал» клубу Азия футбол конфедерациясынан Кытайда козголгон коронавирус оорусуна байланыштуу «Нефтчи» менен болуучу оюнду жылдырууну суранган. Анын себебин түркмөнстандык клуб Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен чектешкендиги менен байланыштырган. АФКдан Жалал-Абаддагы оюнга эч нерсе коркунуч жаратпаганын жана беттеш өз убагында өтүшү керек экенин билдиришкен.

Башка булактар билдиргендей, «Ахал» клубу Түркмөнстандан Кыргызстанга учканга даяр болчу. Бирок Түркмөнстандын өкмөтү футболчуларга учууга тыюу салган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×