Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 05.02.2020 18:24

Дене табы көтөрүлгөн өзбек жараны Кыргызстанга кире албай, кайра артка кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Дене табы көтөрүлгөн Өзбекстандын жараны чек арадан кайра артка кайтарылганы бүгүн, 5-февралда коронавируска каршы Жалал-Абад облусунда көрүлүп жаткан даярдыктарды талкуулоо учурунда маалым болду.

Ала-Бука районунда «Баймак», Ноокен районунда «Маданият» көзөмөл-өткөрмө пункттарында санитардык-карантиндик посттор уюштурулуп, эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 22:00гө чейин дарыгерлер нөөмөттө турат. Керектелүүчү медициналык жабдыктар менен жабдылган. Облустук медициналык борбордун жетекчиси Нурдин Эрматов бул эпидемиялык кырдаалды толук көзөмөлдөө үчүн тепловизор аппараттары тапшырылганын айтты.

Жыйында маалым болгондой, 2-февраль күнү «Маданият» көзөмөл-өткөрмө жайында уюштурулган санитардык-карантиндик пунктта чек арадан өтүп жаткан жарандарды текшеришкен. Ошол учурда дене табы көтөрүлгөн бир өзбекстандык жаран аныкталган. Ал ошол жерден дароо артка кайтарылган.

«Маданият» чек ара өткөрүү пунктуна 19 медицина кызматкери тартылган. 7 дарыгер, 7 медайым, 3 дезинфектор жана 2 айдоочу иштеп жатат. Ал эми «Баймак» постунда 20 кызматкер иштеп жатат. 28-январдан 4-февралга чейин дал ушул Өзбекстан менен чектеш эки посттон 16,7 миңден ашуун адам өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×