Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 05.02.2020 15:36 На русском

Коронавирус: Жалал-Абадда Кытайдан келген кыргызстандык 10 студент дарыгерлердин көзөмөлүндө

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад облусунда Кытайдан келген кыргызстандык 10 студент дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө өткөн жыйында айтылды.

Жыйында коронавирус оорусун алдын алуу үчүн облуста көрүлүп жаткан аракеттер талкууланды.

Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Нурдин Эрмаматовдун айтымында, Ала-Бука районундагы «Баймак», Ноокен районундагы «Маданият» көзөмөл-өткөрүү пункттарында санитардык-карантиндик посттор уюштурулуп, медицина кызматкерлери иштеп жатат. «Маданият» өткөрмө пунктунда 7 дарыгер, 7 медайым, 3 дезинфектор жана 2 айдоочу иштөөдө. Кечээ, 4-февраль күнү аталган өткөрмө пунктунда дарыгерлер 1 миң 240 адамды текшеришкен. Ал эми «Баймак» өткөрмө постунда 20 медицина кызматкери иштөөдө. Ал жакта чек арадан өткөн 500дөн ашуун адам текшерилген.

«Коронавирус оорусу катталган эмес. Зыянсыздандыруучу каражаттар жетиштүү. Дене табы көтөрүлгөн адамдар чек арадан өткөрүлгөн эмес. Кытай Эл Республикасынан Кыргызстанга кайткан 10 студент бар. Алардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө», - деди Н.Эрматов.

Ал эми өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов коронавируска каршы күрөшүүдө дыкат мамиле жасоо керек экенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×