Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 05.02.2020 08:24 На русском

Видео — Жалал-абаддык жаш балбандар Өзбекстанда өткөн мелдеште 2 медаль утушту

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын жаш спортчулары Өзбекстанда өткөн өспүрүмдөр арасындагы эл аралык мелдеште 1 алтын жана 1 коло медаль утушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Спорттун грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 29-31-январь күндөрү Ташкент шаарында өткөн. Жалал-Абад шаарындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин жетекчиси Давлят Аттокуровдун айтымында, турнир Өзбекстан Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу маркум Л.И.Кацтын жаркын элесине арналган.

«14-16 жаштагы өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтүп, ага Жалал-Абад шаарындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 6 окуучусу катышты. Алардын ичинен 48 кг салмакта Нуристан Сүйөркулов 1-орунду багындырды. Ал эми 55 кг салмакта Оятилло Эшанов аттуу окуучубуз 3-орунду камсыздады», - деди Д.Аттокуров.

Мелдеште Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын жалпы 450дөн ашуун жаш спортчулары күч сынашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×