Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 05.02.2020 08:07 На русском

Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Николай Тецкий каза болду

Turmush -  Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Николай Тецкий 94 жашында каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ардагерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев, Россия Федерациясынын Ош шаарындагы консулдугунун өкүлү, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери да катышты.

Тецкий Николай Харитонович 1926-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган. 1944-жылы советтик армиянын катарына чакырылып, Белоруссиянын 3-фронтунда кызмат өтөгөн. Андан кийин Түндүк Батыштагы фронтко жөнөтүлгөн. Согушта айдоочу болуп, курман болгон жоокерлерди жана азык-түлүктөрдү ташыган. Согуштан кийин Кыргызстанга кайтып келип, Жалал-Абад шаарында жашап калган.

Ардагер «Жуков» ордени жана Улуу Ата Мекендик согуштун юбилейлик медалдары менен сыйланган.

Өткөн жумада Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуш учурунда оорукта эмгектенген ардагер дүйнө салган.

Учурда Жалал-Абад шаарында согуштун 2 жана ооруктун 2 ардагери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×