Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 04.02.2020 13:56

Жалал-Абадда былтыр рактан 505 адам каза тапты 

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абадда 2019-жылы залалдуу шишик оорусунан жабыркаган 505 бейтап каза болду. Анын үч жүз элүүдөйүн аялдар түзөт. 2019-жылы рак менен ооругандардын ичинен көкүрөк безинин шишиги менен жабыркагандар көп катталган. Бул дартка чалдыккандар менен иштешкен чыныгы онколог адистер да жетишсиз. Мындай маалыматты аймактык кабарчыга адистер ырастады.

Маалым болгондой, 2019-жылы залалдуу шишик оорусу менен жабыркаган 769 бейтап белгилүү болуп, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Бул дарт Жалал-Абад, Кара-Көл шаарларында, Ноокен, Ала-Бука райондорунда өскөн. Жаңы катталган бейтаптардын ичинен терминалдык абалда 252 адам катталган. Бүгүнкү күндө жалпысынан 2527 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Катталгандар негизинен көкүрөк безинин, ашказандын, жатын моюнчасынын залалдуу шишиги жана боордун рагы менен жабыркашат.

Облустук үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Гүлнара Маматалиеванын айтымында, облуста онколог адистигин алып келген дарыгерлер жетишсиз. Учурда облуста болгону 3 онколог адис бар.

«Чынында бизде онколог адистер жетишпейт. Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон райондорунда гана онколог адистер иштейт. Ала-Бука, Чаткал райондорунда жана Таш-Көмүр шаарында адистер жок. Калган район-шаарларда травматолог, хирург сыяктуу башка адистерге 0,5 штат берип, иштетип жатабыз. Жылда Ош жана Бишкек шаарларында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте медициналык адистикти бүтүп жаткан бүтүрүүчүлөр менен жолугушуп, аларга шарт түзүлөт деп айтып келе жатабыз. Бюджеттик негизде окугандар гана келип иштеп кетүүдө. Адистерди тартуу кыйын болуп жатат. Негизи эле онколог эмес, башка жетишсиз адистерди да тартуу оор болууда. Кадрдын жетишсиз жагдайынан чыгуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлерди окутуп жатабыз. Алар залалдуу шишиктин күмөндүү белгилерин байкаса дароо онколог адистерге жөнөтүп жатышат. Бул оору башка дартка окшоп билинбегендиктен да бейтаптар өтө эле кеч кайрылып жатышат», - дейт Г.Маматалиева.

№1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкери, облустагы башкы онколог Акинай Нышанованын айтымында, рак илдети жыл өткөн сайын көбөйүп жана жашарып жатат.

«2018-жылы ашказан рагы биринчи орунда болгон. 2019-жылы көкүрөк безинин шишиги көбөйдү. Айымдар үчүн бул өтө ойлоно турган статистика. Алыскы район-шаарларда эмчек дарыгери жок. Аялдар жылына бир жолу өз ден соолугу үчүн дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп коюуга келишпейт. Кан кетсе да чыдап жүрө берип, акыркы стадияга жеткенде араң келгендер көп. Ар бир аялзаты өзүн көзөмөлдөөнү колго алышы керек. Саламаттыгында өзгөрүү болсо дароо дарыгерге кайрылууга чакырып кетем. Жыл өткөн сайын дартка кабылгандардын саны көбөйүүдө жана жашарууда. Мурда 50-60 жаштагылар ооруса, азыр жаш балдар да бар. Ак кан оорусу да көбөйүүдө», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×