Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 04.02.2020 08:13

Жалал-Абад шаарындагы стадион эл аралык деңгээлде өтүүчү футболго даяр (сүрөт)

Turmush -  5-февралда Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда эл аралык деңгээлде өтүүчү футболго кызуу даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга стадиондун жетекчиси Бакытбек Рахманов билдирди.

Анын айтымында, стадиондун айланасы тазаланып, көрүүчүлөр үчүн атайын чоң экран орнотулду. Учурда оюн талаасы беттешке дээрлик даяр. 5-февраль күнү Кыргызстандын «Нефтчи» клубу менен түркмөнстандык «Ахал» клубу беттешет. Бул стадионду Азия футбол федерациясы «Нефтчи» клубунун талаасы катары бекиткен. Аны даярдоого шаар бийлиги жана «Кыргызнефтегаз» ААКсы көмөк көрсөткөн. 3-февралда улуттук футбол федерациясынан комиссия келип, стадионду текшерүүдөн өткөрүштү.

«Азыркы учурда майсаң чөп (газондор) коюлуп, оюн талаасын тегиздөө жумуштары жүрүүдө. Мындан сырткары оюн талаасынын чийиндери чийилүүдө. Командалардын оюн эсебин көрсөтүп туруу максатында чоң экран орнотулду», - деди стадиондун жетекчиси.

«Курманбек» стадиону 2015-жылы кайрадан калыбына келтирилген. Бул үчүн шаар бийлиги 35 млн сом бөлгөн. Оңдоо иштеринин алкагында 400 метрлик чуркоо жолчосу чийилген. Стадионго 4500 көрүүчү батат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×