Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 02.02.2020 16:03

Москвага иштегени кеткен Ибрагим Түркиядан Сирияга кантип барып калганын айтып берди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жалал-Абад шаардык соту Сирияга барып келген Ибрагимдин (аты өзгөртүлдү, А.Д.С.) жазык ишин карап, чечим чыгарды.

Ибрагим Жалал-Абад шаарында туулган, билими орто, бойдок, убактылуу иштебейт. Мурда соттолгон эмес.

Ал Жазык кодексинин 243-беренеси (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) менен айыпталган.

Сотто Ибрагим өзүн толук күнөөлүү деп тааный тургандыгын жана угузулган айып
түшүнүктүү экенин айтып, буларга токтолду. 2013-жылы Россия Федерациясына иштегени кетип, андан ары 2014-жылы Түркия Республикасына барып, декабрь айына чейин ар кайсы аймактарда куруучу болуп иштеген. 2015-жылдын жаз айларында Адана шаарында куруучу болуп иштеп жүрүп, А. аттуу жигит менен таанышкан. Ал бала Сирияда жакшы медреселер бар экенин айтып, аны үгүттөгөн жана ал жакка алып бара турган адам менен тааныштырган. Ал адам Ибрагимди Түркиянын чек арасы аркылуу Сириянын аймагына алып барган. Бул мамлекеттеги бир медресеге барып, ал жерде Х. аттуу адам куран окуганды үйрөтүп, спорт менен машыктырган. Медреседе болжол менен 2 ай болгондон кийин аскердик машыгуу талаасына алып барган. Ал жактан ок атуучу куралды бузуп чогултканды үйрөткөн. Үч күндөн кийин ооруп калгандыктан бир ооруканага алып барышкан. Дарыланып бүткөндөн кийин кайра мурдагы медресеге барган. Ал жерде аз эле убакыт болуп, Б.аттуу келип-кетип жүргөн адам менен жакындан таанышып, андан Сириядан чыгарып кетүүнү суранган. Ал киши бир жумадан кийин автоунаа менен чек арага алып барып, ал жерде бир адамдар менен сүйлөшүп, автобуска салып жиберген. 2015-жылдын сентябрь айында Түркия Республикасынын Стамбул шаарына барган. Ал жерде ашпозчу болуп иштеп жүрүп, агасынан акча сурап, Тбилиси шаарына учак менен учкан. Ал жерден Москва шаарына барган. Бул жактан 2015-жылдын ноябрь айында депортация болуп, Бишкек шаарына учак менен келген. 2015-жылдын ноябрь айынан баштап 2019-жылдын 18-октябрына чейин Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында иштеп жүргөн.

Ибрагим соттон Сириянын аймагына алданып барып калганын, медреседе жүргөндө согушка катышууну же террористтик акт жасоо айтылбаганын, эч кандай согушка катышпаганын билдирип, кечирим сурады жана жеңил жаза берүүнү өтүндү.

Жыйынтыгында Ибрагим Жазык кодексинин 243-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Жазык кодексинин 83-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде 2 жылга пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн бошотулду.

Өкүмгө нааразы тарап 30 сутканын ичинде Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык даттануу жана сунуштама берүүгө укуктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×