Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 31.01.2020 18:17

Жалал-Абаддагы мектептердин жанында жол көзөмөлдөөчүлөр иш алып барууда

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жаш балдар катышкан жол кырсыктардын алдын алуу максатында окуучулардын коопсуздугу көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу жол көзөмөлдөөчүлөр билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, акыркы эки күндөн бери жолго жакын жайгашкан мектептерде эртең мененки саат 07:30дан саат 08:20га, күндүзгү саат 12:30дан саат 13:30га чейинки аралыктарда шаардык ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери ар бир мектептеги жол кыймылынын жаш инспекторлору менен бирге мектепке келип-кеткен окуучулардын коопсуздугун камсыздоодо.

«Мындан тышкары облус аймагында окуучуларга жол эрежелерин түшүндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад шаарында жолго жакын 10 мектеп бар. Бардыгында окуучулардын коопсуздугу көзөмөлгө алынууда», - деп билдиришти жол көзөмөлдөөчүлөр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×