Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 31.01.2020 17:17

Жалал-Абаддын волейболчулары өлкө чемпионатында 1-орунду жеңишти

Turmush -  Жалал-Абад облусунун волейбол боюнча «Динамо» курама командасы Кыргызстандын XII чемпионатында 1-орунду багындырды. Бул тууралуу команданын машыктыруучусу Кайрат Садыков билдирди.

Маалым болгондой, «Динамо» командасы атаандаштары менен 5 жолу беттешип, жеңишке жетишкен.

«Чемпионат Ош шаарында 25-январдан 31-январга чейин болду, ага жалпысынан 20 команда катышты. Жогорку лигада 12 команда, улуттук лигада 8 команда ат салышты. Ал эми биздин оюнчулар жогорку лигада оюн көрсөтүп, атаандаштар менен 5 жолу оюн талаасына түшүп, жеңишти камсыздашты. Эми мелдештин 2-туруна даярданып жатабыз, ал февраль айында болот. Ал эми 3-тур март айында өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгат», - дейт К.Сыдыков.

Чемпионатты Волейбол федерациясы менен Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети бирге өткөрдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×