Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 29.01.2020 15:38

Жалал-Абадда былтыр 100дөн ашуун жаран жол кырсыктан каза тапты

жалал-абад
жалал-абад

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 2019-жылдын ичинде жол кырсыктан улам 114 адам көз жумган. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн ырасташты.

Маалым болгондой, бир жыл аралыгында облуста 546 кырсык болуп, 114 жаран ошол кырсыктан улам каза тапкан. 2018-жылга салыштырмалуу катталган кырсыктар, адам өлүмү азайды.

«Жыл ичинде катталган кырсыктын ичинен 269 учур Ош— Бишкек жолунда болду. Ар бир жарандын өмүрү кымбат. Ошондуктан айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырабыз. Тынымсыз түшүндүрүү иштери деле жүрүп жатат», - деп билдиришти мекемеден.

Ушул жылдын январь айында 33 жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болсо, 54 жаран түрдүү жаракат алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×