Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 28.01.2020 19:32

Жалал-Абадда балдардын өлүмү өстү

Turmush -  Жалал-Абад облусунда 2019-жылдын ичинде 1 жашка чейинки 441 бала чарчап калган. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга өскөн. Бул маалымат саламаттыкты сактоо тармагы боюнча 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды.

Маалым болгондой, бир жашка чейинки балдардын өлүмү 2018-жылга салыштырмалуу 28 учурга көбөйгөн. Балдар өлүмү Аксы, Токтогул, Базар-Коргон райондорунда өстү. Балдардын чарчап калышына перинаталдык себептер, дем алуу органдарынын оорусу, тубаса кемтик оорулар жана башка түрдүү себептер негиз болгон.

«Кочкор-Ата шаарындагы, Сузак, Базар-Коргон районундагы ооруканалардын балдар бөлүмдөрүндө орундар жетишсиз. Бир бөлмөдөгү 4-5 керебетте энелери менен кошо 8-9 бала жатат. Балдарга жардам берүүнүн шарттары жакшы эмес. Район жана шаарларда атайын балдар реаниматологдору жетишсиз болгондуктан жардам көрсөтүүдө чоңдордун реаниматологдору жардам көрсөтүп жатышат. Ошондуктан балдардын өлүмүн азайтуу жана өз деңгээлинде жардам берүү үчүн атайын педиатр, реаниматологдорду даярдоо зарыл», - деп айтылды коллегияда.

Коллегияга саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамидин Каратаев, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ы.Ызабеков катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×