Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 28.01.2020 16:17

Жалал-Абадда былтыр төрөттөн 8 эне көз жумган

Turmush -  Жалал-Абад облусунда былтыркы жылы төрөттөн 8 эне көз жумган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо тармагы боюнча 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегияда белгилүү болду.

Маалым болгондой, энелердин өлүмү 2018-жылга салыштырмалуу азайган.

Облустук төрөт үйүндө башка район-шаарлардан оор абалда келген 5 эненин өлүмү катталган. Андан сырткары, Токтогул районунда 2, Жалал-Абад шаарындагы жеке медициналык борбордо 1 учур катталган.

«Энелердин алтоо антенаталдык көзөмөлдө болушкан, бардыгын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу көзөмөлдөгөн. 2 кош бойлуу аял каттоого турган эмес. Төрөт үйлөрдө көз жарган эки аял мигранттардын катарын толуктаган. Токтогул районунда каза болгон энелердин бири дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүү үчүн каттоого турган эмес. Бишкек шаарынан Кара-Көл шаарына ата-энесинин үйүнөн бара жатып, Ала-Бел ашуусунда абалы кескин түрдө начарлаган кош бойлуу аял Токтогул аймактык ооруканага кайрылган.

Убагы боюнча 1 аял кош бойлуулуктун 14 жумалыгында экстрагениталдык оорудан, 1 аял жатын түтүкчөсүнө бойго бүтүүдө операция убагында анестезиологиялык кабылдоодон, бирөө төрөт учурунда, 5 аял төрөттөн кийин каза болгон.

Жыйында белгилүү болгондой, облуста 8 эненин өлүмү катталса, андан сырткары борбор калаадагы ооруканалардын биринин нейрохирургия бөлүмүндө 1, улуттук хирургияда 2 эне көз жумганы айтылды.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев облуста эненин өлүмү азайды дегени менен көз жумган ар бир эненин тагдыры маанилүү экенин белгиледи.

2019-жыл ичинде облус боюнча 29743 төрөт катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×