Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-февраль
Жалал-Абад облусуЖалал-Абад 27.01.2020 16:37

Үч облустун окуучулары менен психологдор иштеп жатат

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 3 облустагы мектептердин окуучулары катышкан жолугушуу өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунан чогулган 60ка жакын окуучуга психологдор үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктардын алдын алуу маселелери боюнча сабак өтүштү.

«Окуучулардын арасында ата-энеси же жакындары чет жерде, миграцияда жүргөн балдар да бар. Ошондой эле аярлуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн балдары да катышты. Окутуу 3 күнгө созулуп, гендердик өнүктүрүү, өспүрүмдөрдүн билимин жана жөндөмдөрүн бекемдөөгө багытталды. Мындан сырткары үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу маселелери да каралып, түшүндүрүү иштери болду», - деди уюштуруучу Бегайым Кыдырова.

Ал белгилегендей, мындай окутуулар өлкөнүн 7 облусунда жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×